1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

17 часов назад

10

Мамлекеттик практика учурундагы рефлексиялык конференциясы өткөрүлдү

2026-жылдын  11-апрелинде   Педагогикалык  колледждин  мектепке   чейинки  билим   берүү  ПЦКсынын  МЧББб-2-23 жана МЧББк-2-23  тайпалары  учурда болуп  жаткан  мамлекеттик  практика  учурундагы  рефлекциялык  конференция болуп өттү.

Конференциянын максаты — студенттердин мамлекеттик практика учурундагы ишмердүүлүгүн талдоо, тажрыйба алмашуу жана кесиптик өсүүгө багыт берүү болду. Мындан аркы өнүгүүгө багыт берүү  менен  ар бир студент  балдар  менен иштөө  маданиятын, педагогикалык  этиканы, сабактарды  өтүү  жана  оюн  методдорун   колдонуу, билим  билгичтиктерди  жана  байкоо  жүргүзүү  сыяктуу  маанилүү  компетенцияларды  калыптандыруу  айтылды.  Ошондой  эле  өз  жетишкендиктери  менен  бөлүшүштү.

Иш-чарага  студенттер, практика  жетекчилери  катышышты.

Талкуу  бөлүгүндө  катышуучулар  суроо-жооп  аркылуу  активдүү  пикир алмашышты.

Практика  жетекчилери  студенттердин  ишине  баа  берип,  кеңештерин  жана сунуштарын  беришти.