1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

18 часов назад

10

ЖАМУнун студенттери Бишкек шаарында тажрыйба алмашып келишти

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплекси менен Т. Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык институтунун ортосундагы өз ара кызматташуу келишиминин негизинде академиялык мобилдүүлүк программасы ийгиликтүү ишке ашырылды.

​Программанын алкагында ЖАМУнун Педагогикалык колледжинин “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин 2-курсунун студенттери 2026-жылдын 30-мартынан 10-апрелине чейин 10 күн бою Бишкек шаарындагы Т. Эрматов атындагы институтта билим алышты.

​Тажрыйба алмашуу программасына катышкан студенттер:

​БКМк-02-25 тайпасынан: Кочкорова Хадича Шукурбековна, Жаңыбаева Аике Мирланбековна;

​БКМк-03-25 тайпасынан: Төрөмаматова Элнура Искендеровна;

​БКМкэ-4-24 тайпасынан: Райимкулова Райяна Абдугапаровна, Үсөнбаева Айзирек Кылычбековна.

​Иш сапардын жүрүшүндө студенттер заманбап окутуу усулдары менен таанышып, кесиптик чеберчиликтерин арттырууга мүмкүнчүлүк алышты. Мындай академиялык мобилдүүлүк эки окуу жайдын ортосундагы байланышты чыңдап, болочоктогу мугалимдердин тажрыйбасын кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөт.