1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

18 часов назад

9

“Улуттук дем – бала жүрөгүндө” 

2026-жылдын 13-апрелинде  Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик  университетиндеги  Э. Уметов атындагы институттун педагогикалык колледжинин Башталгыч класстардын мугалими жана кыргыз тили  ПЦКсын окутуучусу С. О. Козубаева тарабынан  Башталгыч класстарда окутуу адистигинин студенттеринин арасында  “Улуттук дем – бала жүрөгүндө” аттуу көркөм окуу конкурсу уюштурулду. Конкурс Кыргыз Републикасынын “Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик” уңгу жолунун алкагында өткөрүлдү.

Иш-чаранын максаты — студенттердин көркөм окуу чеберчилигин өнүктүрүү, улуттук баалуулуктарга болгон кызыгуусун арттыруу, даңазалоо жана жаш муундардын руханий дүйнөсүн байытуу болуп саналат.

Конкурстун жүрүшүндө катышуучулар көркөм чыгармаларды мазмундуу, образдуу жана таасирдүү аткарып, өздөрүнүн чыгармачылык жөндөмдүүлүктөрүн көрсөтүштү.

Конкурсту баалоодо калыстар тобунун курамын Р. Кушбакова – ПКнын директордун тарбия иштери боюнча орун басары, Нурмамат кызы Дилде – ПКнын профсоюз уюмунун төрайымы, Н. Исраилова – БКМ жана КТ ПЦКсынын, А. Кыргызбаева  – МЧББ ПЦКсынын окутуучулары түзүп,  катышуучулардын аткаруусун төмөнкү критерийлер боюнча баалашты: көркөм окуу чеберчилиги, сахна маданияты, чыгарманын мазмундук деңгээли, образдуулук жана таасирдүүлүккө карап көркөм окуунун техникалык каражаттарын туура пайдалануу.

Жыйынтыгында мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон катышуучулар I, II, III даражадагы дипломдор менен сыйланышты.  Ошондой эле автордук ырларды көркөм окууда өз талантын мыкты чеберчиликте көрсөтө алган БКМк 2-24 тайпасынын студенти Аида Матаевага диплом ыйгарылды.

Аталган конкурс студенттердин чыгармачылык потенциалын өнүктүрүүгө, улуттук маданиятты сактоого жана даңазалоого өбөлгө түздү.

Жашоо — сени менен. Кээде түшүнбөй калабыз... Таштай оор күндөр келет, жүрөгүбүз сыздайт, жан дүйнөбүз чарчайт. Бирок дал ошол күндөр — бизди адам кылат. Жашоо ар тараптуу. Күн чыгып, кайра батат. Бүгүн жоготобуз, эртең табабыз. Бирок ар бир ирмем — баалуу. Ар бир дем — жаңы мүмкүнчүлүк. Жаратылыш өзүнчө бир керемет. Күндүн нурлары, жамгырдын жыты, түнкү жылдыздар... баары биз үчүн. Биз байкап, баалап жашаш үчүн. Ата-эне — жашообуздун түбөлүктүү тиреги. Алардын көз карашы, батасы, унчукпай айткан сүйүүсү — баары дилибизде. Сүйүү — жашоонун жаны. Сүйгөн адамдын колу, жүрөгүңдү түшүнгөн жан, көңүл бурган бир сөз — бүтүндөй дүйнө. Бул дүйнөдө сүйүү бар экен — демек жашоо да бар. Сыноо болсо — бизди бекемдейт. Кыйынчылыкка ыйлаба, андан сабак ал. Анткени сен күчтүүсүң. Сен муну да жеңесиң. Өзүңдү жоготпо. Башкалар ким бол десе да, өзүң болуп кал. Сезимдериңди тыйба. Ар бир кыялга ишен. Себеби сенин жүрөгүңдө — чоң күч жашайт. Жашоо — бул жарыш эмес, бул сапар. Ар күн — белек. Ар бир адам — сабак. Ар сүйүү — керемет. Ар көз жаш — тазалануу. Адашпа... кеч болуп калат. Сүй, кечир, аракет кыл. Өзүңдү сүй. Жашоо сени менен! Автор: Матаева Аида

Мен да сени менен жүргүм келген. Мен да ата менен сейилдеген кыздардай болгум келген. Кол кармашып, күлүп, жөн эле жанымда жүргөнүңдү каалагам... Мен да сени менен сүрөткө түшкүм келген. Кичинекей кезимде ийнине отургузуп, "Бул — менин кызым" деп айтса деп кыялдангам. Менде да болуш керек эле ата мээрими. Кучактап, маңдайымдан өөп: "Ооруба кызым" деген үнү... Бир жолу гана уксам кана. Кээде кыздар атасын айтып мактанышат. "Менин атам мындай", "Менин атам андай" деп... Мен унчукпай калам. Менде андай эскерүү жок. Атаке Мен да каалагам сени менен отуруп сүйлөшүүнү... Сырымды айтсам, сен кеңеш берип, "Баары жакшы болот кызым" деп башымдан сыламаксың да ээ, АТА? Эмнеге? Эмне себептен менин АТАМ жок? Кайсы катачылыгым үчүн? Эмнеден жаңылдым экен? Жашоомдо канча нерсе болду — Бир жолу да "Атам бар болсо" деген ойдон кача албадым... Сага таарынычым жок... Билем — өмүрдүн өз эрежеси бар. Бирок сенсиз чоңоюу Жашоодо бир арман болуп калды. Ата, Атакем... Кээде түшүмө кирип кетесиң. Жымайып, башымдан сылап, "Жакшы жүр" дейсиң. Мен көзүмдү ачканда — сен жоксуң... Жүрөгүм ооруп, Таңды ый менен тосом... Бир да жолу "Ата Атоо, мен сени жакшы көрөм" деп айта албай калдым. Сенден угалбай калдым: "Сен менин сыймыгымсың" деген сөздү... Ата... Мейли, сен болбосоң да, сен жок чоңойсом да — Менин жүрөгүмдө сени тааныбаган бир мээрим калды. Автор: Матаева Аида