1. Башкы бет
  2. Колледждер
  3. Педагогикалык колледжи
  4. Жаңылыктар

18 часов назад

6

Мамлекеттик практика боюнча рефлексиялык конференция өттү.

2026-жылын 10-апрелинде БКМк-01-24 жана БКМк-03-24 тайпаларынын студенттеринин мамлекеттик практикасы  боюнча рефлексиялык конференция өткөрүлдү. Аталган иш-чара студенттердин практикалык ишмердүүлүгүн талдоо, жетишкендиктерин баалоо жана кесиптик өнүгүүсүнө багыт берүү максатын көздөдү.

Конференциянын жүрүшүндө студенттер практика учурундагы өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, жетишкен ийгиликтери, кыйынчылыктары жана аларды чечүү жолдору тууралуу презентацияларын сунушташты. Ошондой эле ар бир студент өзүнүн педагогикалык ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүп, келечектеги иш-аракеттери боюнча жыйынтык чыгарышты.

Иш-чарага жетекчи-окутуучулар — Маткасымова А., Жолдошева М., Пахирдинова Л., Кушбакова Р., Айдарова Н. катышып, студенттердин ишине жогорку баа беришип, баалуу кеңештерин беришти.

Мындай рефлексиялык конференциялар студенттердин кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатууга, өз алдынча ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө жана келечектеги мугалим катары калыптанышына чоң өбөлгө түзөт.